super.kg logo

Орусия Украинага каршы согушу тууралуу окуучулардын тарых китебине киргизди

 

Орусияда Украинадагы согушту камтыган "жаңы тарых" китеби жарык көрдү. Бул тууралуу Крым.Реалии басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, 7-августта билим берүү министри Сергей Кравцов менен учурдагы Орусиянын президентинин жардамчысы Владимир Мединский мектеп окуучулары үчүн жаңы тарых китебинин бет ачарын өткөрүшкөн. Анда аталган китеп 1-сентябрдан тарта мектепте окутула баштай турганы айтылган.

Басылманын маалыматына караганда, 2-август күнү Кравцов Владимир Путин менен жолугушууда 11-класстын окуу китебинде эң маанилүү окуялар, анын ичинде Крым менен Севастополдун аннексияланышы, "атайын аскердик операциянын" тагыраагы, Украинага каршы согуштун себептери жана жүрүшү чагылдырылганын айткан.

Окуу китебинде 1970-жылдан 2000-жылга чейинки тарыхты толугу менен кайра жазылып , жалпы тарых бөлүмү кыскартылган. Анда Азия, Африка жана Латын Америкасы боюнча бөлүктөр кеңейтилген. Ал эми Украинадагы согуш боюнча китепте 17 пункт бар.

Белгилей кетсек, май айында "Сота" басылмасы 10-11-класстар үчүн орус тарыхы боюнча жаңы окуу китебиндеги Орусиянын Украинага басып киришине жана ага чейинки окуяларга арналган бөлүмдүн сүрөттөрүн жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: