super.kg logo

UFC: Алекса Грассо Валентина Шевченкону мөөнөтүнөн мурда жеңерин айтты

 

Учурдагы UFC чемпиону Алекса Грассо мурдагы чемпион Валентина Шевченко менен калыстын чечими боюнча дароо реванш өткөрбөйт.

"Ар бир күрөш уникалдуу" деди мексикалык MMA Junkie менен болгон маегинде.

"Сенин башыңда ар дайым план бар жана атаандашың кандай реакция кыларын эч качан билбейсиң, бирок мен бир нерсени так айта алам мен күрөштү мөөнөтүнөн мурда аяктайм", - деп билдирген Грассо.

Үстүбүздөгү жылдын март айында төртүнчү раундда муунтуу менен Грассого утулуп калган "Пуля" (Шевченко) өзүнүн жеңилүүсүн кокустук деп эсептейт. Бирок учурдагы чемпион атаандашын старттык беш мүнөттө эле нокаут кылып коюшу мүмкүн экенине ишенет.

"Мурунку беттеште мен аны биринчи раундда байлап, нокаут менен жеңүүгө абдан жакын болчумун, бирок андай болгон жок. Бул жолу мен аны кандай жол менен болсо да утам. Мен аны нокаут менен жеңем", - деди ал.

Эске салсак, жеңил салмак категориясында кыз-келиндер арасында титул үчүн беттеш 16-сентябрда Лас-Вегаста өтө турган UFC Fight Night 227 турниринин башкы беттеши болмокчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: