Саламаттыкты сактоо министри Кыргызстандагы туздуу, майлуу тамактарды жана кумшекерди колдонууну азайтуу керек дейт
Бишкекте бүгүн, 13-декабрда Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагымбаева “2020-жылга чейин саламаттыкты сактоо стратегиясын өнүктүрүү” аттуу тегерек столдо туура тамактануу тууралуу айтты. Анын айтымында, өлкөдө бул багытка анчейин көңүл бурулбай келет.
“Туура тамактанууну жайылтууда туз, майлуу тамактарды күнүмдүк азыктардын катарынан алуу үчүн чараларды көрүү керек. Мындан сырткары шекерди колдонууну азайтып, азык-түлүктөрдү байытуу жана балдардан алкоголдук ичимдиктерди алыс кармоо зарыл”,- деди Сагымбаева.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
0

