super.kg logo

Бразилияда Амазонка токоюн кыюуну токтотуу боюнча саммит өттү. Тараптар бир пикирге келе алган жок

 

Бразилияда 8 өлкөнүн башын бириктирген Амазонка Саммити болуп өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, "Дүйнөнүн өпкөсү" деп аталган Амазонка токою жайгашкан 8 өлкө 14 жылдан кийин биринчи жолу Бразилиянын Белем шаарында чогулушкан. Саммитке катышкан өлкөлөр токойлорду кыюуга каршы күрөшүү, мыйзамсыз алтын казууну токтотуу, аймактагы туруктуу өнүгүү үчүн кызматташуу сыяктуу маселелерди талкуулашкан.

Бирок маалым болгондой, бул темалар боюнча Саммиттин катышуучулары бир пикирге келе алган эмес. Алар 113 беренеден турган декларацияда тропикалык токойлордо мыйзамсыз иштер жана экологиялык кылмыштар менен күрөшүү темалары боюнча гана бир пикирге келишкен.

Иш-чарага Бразилия, Боливия, Колумбия жана Перунун мамлекет башчылары катышса, Венесуэла, Эквадор, Суринам жана Гайана өлкөлөрүнөн жогорку даражадагы аткаминерлер катышкан.

Саммиттин аягында аймактык полиция күчтөрүнүн кызматташтыгын арттыруу үчүн Бразилиянын Манаус шаарында укук коргоо борбору ачыла турганы кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: