Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бирин оңдоодон кийин ачты (фото)
Жалал-Абад шаарындагы Пушкин көчөсү реконструкциядан кийин ачылды. Жалал-Абад шаарынын мэриясынан билдиришкендей, жолдун 2 чакырымына асфальт төшөлгөн.
Аталган көчө Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 миллиард сомдун эсебинен каржыланып, 70 миллион сом акча жумшалган.
Жолдун ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев дагы катышкан.
Кошумчалай кетсек, Пушкин көчөсү – Жалал-Абад шаарынын негизги жолдорунун бири. Аталган көчө 2018-2019-жылдары кеңейтилип, бирок кеңейтилген бөлүгүнө гана убактылуу асфальт басылган болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2025-11-26
20:26
2025-11-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















