"Үйдүн дубалдары жарылып, жер-жемиштер таш астында калды". Түптөгү селдин кесепети (видео)
Белгилүү болгондой, 7-август күнү Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра айыл аймагына караштуу айылдарда сел жүргөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча саат 16:00 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандын кесепетинен, кокту-колоттордон келген сел суулары Талды-Суу, Көчү, Корумду айылдарын каптаган.
Табигый кырсыкка кабылган Талды-Суу айылынын тургуну Айпери Ирсалиева SUPER.KG порталына селдин кесепеттерин айтып, учурдагы айыл абалы менен бөлүштү.
Сел учурунда үйдө жалгыз элем
- Сел болуп жаткан учурда үйдүн ичинде жалгыз болчумун. Жакындарым Каракол шаарына кетишкен эле.
Мынчалык катуу сел жүрүп кетет экен деп ойлогон эмеспиз. Эч кандай эскертүү да берилген жок. Ошол күнү нөшөрлөп жамгыр жаап жаткан. Анан эле жаандын ылдамдыгы кескин өзгөрүп, катуу жаап баштады. Суу көчөлөрдү, үйлөрдүн ичин каптап, тамдын дубалдарын жарып кетти. Үйдүн эшиги жабылып калып, сыртка чыга албай калгандыктан, терезеден жылаңайлак секирип чыкканга мажбур болдум. Талааны көздөй чуркагам. Ошондо суук тийип калса керек, бир аз сыркоолоп калыптырмын.
Сел эмгегибизди жеп кетти...
- Сел чоң болгондуктан биздин корообуз ташка, кумга, ылайга толуп калды. Үйүбүздүн ичине чейин кирди. Тетиктер сакталчу кампабыз бар эле, ошонун баарын жууп кетти. Мындан тышкары, чоң-чоң сарайларыбыздын ичи ылайга толгон. Корообуздагы беде, жер-жемиш өсүмдүктүн баары таштардын астында калды.
Талды-Суу айылы тоого жакын жайгашкан. Тоо этегинде болжол менен 15тей түтүн жашайт. Жыл сайын эле жамгыр көп жаайт. Сел деле жүрчү, бирок көчө менен эле өтүп кетчү да...
Кошуна үйлөрдүн да абалы начар. Дарбазалары сынган, короо ташка толгон. Тээ жаздан бери ушундай күндүн ысык-суугуна чыдап, арпа, буудай, картошка, кулпунай жана башка жер-жемиштерди өстүрүп жатышкан. Анын баары бир заматта жок болду.
Бактыга жараша, жашоочулар ден соолугунан катуу жабыркаган жок. Учурда биздин айылда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкарлери селдин кесепетин жоюу аракетин көрүшүүдө. Алардын жаткан жерлерин, тамак-ашын айыл тургундары уюштуруп, камсыздап берип жатышат.
Айылдагы мектеп, оорукана, айыл өкмөт мекемелери тоодон ылдый жайгашкандыктан зыянга учураган жок.
Ал эми биздин үйдүн дубалдары жарылып кеткендиктен, жашаганга болбойт, сыягы. Эми баарын кайрадан оңдоого убакыт керек.
Белгилей кетсек, аталган аймакта жалпысынан болжол менен 92 турак үйдүн короосу, жер төлөсү жана ички чарбалык жолдору, айдоо талааларында сел жүргөн. Министрликтен белгилешкендей, ӨКМдин жана район-шаар бөлүмдөрүнөн 103 куткаруучу иштеп, сел жүргөн аймактарга "Өзгөчө кырдаал" режими киргизилген.
8-август күнү министр Бообек Ажикеев элдин абалын жеринде көрүп, элеттиктердин көйгөйлөрүн угуп, сел жүргөн аймактардагы иштин аткарылышын көзөмөлүнө алган.
Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Оот жана Торкент айылдарында, Талас облусунун Талас районундагы “Беш-Таш” жаратылыш паркынын 3 жеринде, ошондой эле Кара-Суу айылынын батыш тарабында да сел жүргөнү маалымдалган.
видео


