Маалым болгондой, жеринде башкармалыктын кызматкерлери Ленин районунун акимиатынын жана "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте иш алып барышууда.

Белгилей кетсек, иштин жүрүшүндө жалпы 145,5 чарчы метрди түзгөн мыйзамсыз курулуштарды буздуруу иштери жүрүп жатат.

Буга чейин, ушул жылдын 15-майында башкармалык тарабынан муниципалдык аймакты уруксатсыз орнотуулардан, ошондой эле мыйзамдарды колдонуудагы нормаларын бузуу менен курулган же курулуп жаткан имараттардан жана курулмалардан бошотуу жөнүндө эскертүү кагазы берилген.