super.kg logo

Өлкөдө 7 миң мугалим окутуунун жаңы ыкмаларын өздөштүрүүдө

 

Башталгыч класстын 7 миң мугалими коррекциялык окутуунун ыкмалары боюнча тренингден өтүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Кабарлангандай, окутуу Билим берүү министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында жүрүүдө.

Ушул жылдын август айына карата Кыргызстан боюнча 1 200 пилоттук мектептин 4 миң 200 мугалими кадимки жана онлайн режимде тренингден өтүштү.

Долбоордун алкагында октябрь айында бала бакча тарбиячыларынын квалификациясын жогорулатуу пландалууда. Өлкө боюнча 700 бала бакчанын тарбиячылары «Балалык» мектепке чейинки өнүктүрүү программасы боюнча окутуудан өтөт.

Белгилей кетсек, "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында 58 миң мугалим үчүн түрдүү багыттар боюнча окутуу уюштурулат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: