super.kg logo

Корея Элдик-Демократиялык Республикасында саясий ишмер Чан Сон Тхэк өлүм жазасына тартылды

 
Өлүм жазасына тартылган Чан Сон Тхэк.
Корея Элдик-Демократиялык Республикасында саясий ишмер Чан Сон Тхэк өлүм жазасына буйрулду. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Чан Сон Тхэк бир нече ай мурун оор кылмыштар боюнча айыпталып, жогорку кызматтан бошотулган. Айрым расмий эмес маалыматтарга караганда, "Чан Сон Тхэк мамлекет бийлигин кулатууга аракет кылган. Ошондон улам өлкө башчысынын каарына калган" деген маалыматтар айтылып жүрөт.
Маалыматка караганда, алгач атайын аскерий сот Чан Сон Тхэкке айыптарды тагып, аны өлүм жазасына буюрган. Өлүм жазасы кечээ, 12-декабрда жүзөгө ашкан. 
Белгилей кетчү жагдай, КЭДРнын лидери Ким Чен Ын тууралуу маалымат дээрлик жокко эсе. Ал кызматка киришкенден тарта авторитардык режимди күчөтүп, эки жыл ичинде бир нече жогорку аскер кызматкерлерин, партия лидерлерин, комитет жетекчилерин алмаштырган. Коомчулукка Ким Чен Ындын 29-30 жашта экендиги, “Генийлердин генийи” аталганы, үй-бүлөлүү жана колунда дүйнөдөгү эң ири беш армиянын катарына кирген аскер күчтөрү бар экендиги гана белгилүү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
13.12.2013. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бийликти кулатууга аракет кылганы учун олум жазасы.Кандай тартип. Бизде 100 адамды олтуруп качыап кеткенди заочно сот жообуна тартат.
13.12.2013. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызстанга келип 5 ай президент болуп берсе жакшы болот эле..
13.12.2013. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жер саткандыгы билинип калып олум жазасы берилиптир,Кыргызстанды(жерди) саткандарга да олум жасасын бериш керек ...
13.12.2013. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bey, анда эч ким калбай калат го
13.12.2013. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shekerbek, таза иштеген адамдар деле бар ошолор калат да ..
13.12.2013. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда да ушундай кадамдарга барыш керек чиновник экендигине карабай!!!
13.12.2013. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде мындай жаза иштеген болсо,азыркы Бийлик жетим калып кетет го...
13.12.2013. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анда атамбаев биринчи атылат го кыргыздын сыймыгы Чынгыз айтматовду алдап мамлекеттен акча болдуруп болунгон акчаларга заводдорду озуно менчиктештирип алгандыгы учун
14.12.2013. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын дегиле мындай адам дан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: