super.kg logo

Пакистандын президенти өлкөнүн парламентин таратты

 

Кечээ, 9-августта Пакистандын президенти Ариф Алви премьер-министр Шехбаз Шарифтин сунушу менен өлкөнүн парламентин таратты. Бул тууралуу Dawn басылмасы жазып чыкты.

"Президент Конституциянын 58-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, премьер-министрдин сунушу менен Улуттук Ассамблеяны таркатты" - деп айтылат маалыматта.

Эми алдыдагы 90 күндүн ичинде Пакистанда парламенттик шайлоо өткөрүлүшү керек.

Кошумчалай кетсек, жакынкы үч күндүн ичинде азыркы премьер-министр менен оппозиция лидеринин милдетин аткаруучунун талапкерлиги каралат.

Парламентарийлер менен коштошуу сөзүндө премьер-министр бийликте турган 16 айда өзүнүн 38 жылдык саясий карьерасындагы эң оор сыноо деп атаган. Ал эми чет элдик маалымат каражаттары Шариф былтыр апрель окуясынын активдүү катышуучуларынын бири болгонун, анын натыйжасында ошол кездеги премьер-министр Имран Хан кызматтан кетүүгө аргасыз болгонун жазып чыккан. Кийинчерээк ал түрмөгө камалган, бирок быйыл май айында кайра бошотулган.

5-августта Имран Хан "коррупциялык аракеттер" үчүн үч жылга эркинен ажыратылып, саясий ишмердүүлүгүнөн четтетилген. Хандын жактоочусу Интезар Хусейн Панжута алар бул чечимди "саясий куугунтук" катары баалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: