super.kg logo

Белгилүү балбан Роман Власов Белградда өтө турган дүйнө чемпиондугуна катышпайт

 

Грек-рим күрөшү боюнча олимпиаданын 2 жолку, дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Роман Власов Белградда өтө турчу дүйнө чемпиондугуна катышпайт. Бул тууралуу күрөш боюнча орус улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Гоги Когуашвили билдиргенин чет элдик спорт басылмалары жазды.

"Роман дүйнө чемпиондугуна катышпайт. Биз аны менен сүйлөшүп, быйылкы мелдешке катышпайбыз деп макулдаштык. Келерки жылы олимпиадалык курамга кирүү үчүн Романда бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок Роман машыгууларда биз менен чогуу болот. Анын командада болушу жана тажрыйбасы жаштарды шыктандырып турат", - деп бидирген ал.

Машыктыруучу ошондой эле 77 килограмм салмакта Сергей Степанов, Сергей Кутузов жана Адлет Тюлюбаев ат салыша турганын, ал эми 82 килограмм салмак үчүн Ауэс Гонибов даярданып жатканын белгилеген.

Белгилей кетсек, күрөш боюнча дүйнө биринчилиги 16-сентябрдан 25-сентябрга чейин Сербиянын борбору Белград шаарында өтөт. Кыргызстандын күрөш федерациясы азырынча аталган мелдешке бара тургандардын тизмесин жарыялай элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: