"Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасы Биринчи Май районунун аймагындагы А.Каниметов атындагы №1 жалпы билим берүү гимназия-интернатынын аймагында капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, аталган мектептин аймагынын аянты 6 миң чарчы куб. Бригада эски асфальтты сыйруу иштерин жүргүзүүдө, андан кийин жердин негизин даярдоо жана бордюр орнотуу иштери башталат.
Белгилей кетсек, гимназиянын аймагында окуучулардын жана мугалимдердин ыңгайлуулугу үчүн жаңы окуу жылы башталганга чейин мектептин айланасына асфальт-бетон аралашмасын төшөө жана тосмо таштары менен тротуар куруу иштери пландалууда.
Бишкектеги №1 интернат-мектебинин аймагында капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө





Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:30
2025-07-07

19:43
2025-07-07

18:53
2025-07-07

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.