Президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгү селден жабыркагандарга бир күндүк маянасын которот
Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты бир күндүк айлык маянасын Түп районунун селден жабыркаган тургундарына которот. Мындай чечим бүгүн, 10-августта профсоюздун отурумунда кабыл алынган. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан билдиришти.
Эске салсак, августтун башында Түп районунун Кең-Суу, Байзак, Талды-Суу, Кѳөчү, Корумду, Күрмѳнтү жана Балбай айылдарында сел жүрүп, айыл тургундарынын айдоо жерлерине жана жеке мүлкүнө зыян келтирилген.
Учурда куткаруучулар тарабынан селдин кесепеттерин жоюу иштери аяктап, атайын кызматтардан бөлүнгөн инженердик техникалары жабыркаган арык каналдарды, селден агып келген кум шагылдарды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
8-август күнү министр Бообек Ажикеев элдин абалын жеринде көрүп, элеттиктердин көйгөйлөрүн угуп, сел жүргөн аймактардагы иштин аткарылышын көзөмөлүнө алган.

