Бишкекте мыйзамсыз орнотулган күч өлчөгүчтөр жана батуттар алынды






Бишкекте мыйзамсыз орнотулган күч өлчөгүч жана батуттар демонтаждалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, Свердлов акимиаты, Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы жана "Тазалык" муниципалдык ишканасы менен биргеликте мыйзамсыз объектилерден муниципалдык аймакты бошотушту.
"ЦУМ соода борборунун жанындагы Шопоков көчөсүндө мыйзамсыз орнотулган күч өлчөгүч жана батуттар алынды.
Чүй проспектисинде жана Шопоков көчөсүндө башаламан сооданын алдын алуу боюнча рейд жүргүзүлүп жатканын эскертебиз", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:41
2025-07-04

10:20
2025-07-04
10:18
2025-07-04

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.