super.kg logo
  Саясат  

Мамлекеттик салык кызматы 11 ай ичинде 33,7 миллиард сом салык чогултту

 

2013-жылы 11 ай ичинде Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 33 миллиард 658,3 миллион сомдук салык чогултулду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.  

Өткөн жылга салыштырмалуу “Кумтөр” компаниясынын салыктарын эсепке албаганда салык 3 миллиард 47,4 миллион сомго көп чогулуп, 11 пайызга көбөйгөн (“Кумтөрдүн” салыгын кошо эсептегенде өсүү 7 пайызга барабар болуп, 2 миллиард 187,5 миллион сом). 

Мындан сырткары үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрь айларында салыктардын негизги бөлүктөрүндө чогултулган каражаттын суммасы көбөйгөн. Киреше үчүн салык – 101 пайыз, милдеттүү патенттин негизинде – 112,3 пайыз, эрктүү патенттин негизинде – 102,8 пайыз, кыймылдуу мүлккө салык – 116,9 пайыз, кен иштетүүдө – 116,4 пайыз, пайдалануу  үчүн алынган жерге салык – 104,3 пайыз жана чарбада пайдаланууга багытталбаган жер үчүн салык 100,4  пайызга чогултулган.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: