Түптөгү селден жабыркаган тургундар үчүн атайын эсеп ачылды
Ысык-Көлдүн Түп районундагы селден жабыркаган тургундар үчүн атайын эсеп ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Ага ылайык, табигый кырсыкка кабылган жашоочуларга жардам берүүнү каалагандар акча каражатын которсо болот.
Накталай эмес которуулар үчүн:
БИК - 440405 счет – 4404051102000719
Накталай банктар аркылуу которуулар үчүн:
БИК – 440001 счет – 4404051102000719 төлөө коду 14411100.
Ошондой эле Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты бир күндүк айлык маянасын Түп районунун селден жабыркаган тургундарына которору айтылат. Мындай чечим профсоюздун отурумунда кабыл алынган.
Белгилей кетсек, Түп районунун Кең-Суу, Байзак, Талды-Суу, Кѳөчү, Корумду, Күрмѳнтү жана Балбай айылдарында сел жүрүп, айыл тургундарынын айдоо жерлерине жана жеке мүлкүнө зыян келтирилген.
Учурда куткаруучулар тарабынан селдин кесепеттерин жоюу иштери аяктап, атайын кызматтардан бөлүнгөн инженердик техникалары жабыркаган арык каналдарды, селден агып келген кум шагылдарды тазалоо иштери жүрүп жатканы айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:30
2025-07-07

19:43
2025-07-07

18:53
2025-07-07

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.