super.kg logo

АКШнын президенти Байденди опузалаган адам кармоо учурунда өлтүрүлдү

 

АКШнын президенти Жо Байденди коркуткан Юта штатында жашаган Крейг Делеув Робертсон аттуу жаран Федералдык Тергөө Бюросу тарабынан кармоо учурунда өлтүрүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, аталган жаран атышуу учурунда каза болгон.

Басылманын маалыматына караганда, Крейг Делеув Робертсондун Юта штатынын Солт-Лейк-Сити шаарында "үйүндө камакка алуу процессинде чыккан кагылышууда" каза болгондугу белгиленген.

Кийинчерээк каза болгон жаран АКШнын азыркы президенти Байденди, мурдагы президент Дональд Трампты соттоп жаткан Нью-Йорктун прокурору Элвин Брэггди менен башкы прокурор Летитиа Жеймсти опузалагандыгы аныкталган.

Юта штатындагы АКШнын округдук сотуна берилген арызда Робертсон социалдык тармактагы баракчасына: "Президентти өлтүрүүгө убакыт келди. Биринчи Жо, анан Камала!" деп жазганы маалым болгон. Ошондой эле Робертсондун 70-75 жашта экени жана AR-15 үлгүсүндөгү жарым автоматтык мылтыкты алып жүргөнү кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: