Өлкөдө эми желим буюмдарды сатууга жана акысыз берүүгө тыюу салынат
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган мыйзам 2023-жылдын 29-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Кабыл алынган мыйзам полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүгө (ташып кирүүгө, өндүрүүгө, пайдаланууга, сатууга) тыюу салууну киргизүүгө багытталган чектөөчү чараларды белгилөө жолу менен Кыргызстандын аймагында полимер материалдарынын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтууга багытталган.
Алсак, 2027-жылдын 1-январынан тартып бүтүндөй өлкө боюнча полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды (экспорт үчүн өндүрүлүүчү пакеттерди, ошондой эле турумуш-тиричиликте колдонуу үчүн био-чирип кетүүчү полимер материалдардан жасалган, кармагычтары жок жана рулондоп сатылуучу пакеттерди кошпогондо) өндүрүүгө, полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды сатууга, полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдардын түрлөрүнүн бирин соодада жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө акысыз берүүгө тыюу салынат.
Ошол эле учурда кабыл алынган мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин:
– Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдардын бардык түрлөрүн абсолюттук жүгүртүүгө тыюу салынат;
– Кыргызстандын өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймактарында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды ташып кирүүгө, пайдаланууга жана сатууга, соодада жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө акысыз берүүгө тыюу салынат.
Ошону менен бирге, 2024-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймактарында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды (экспорт үчүн өндүрүлүүчү пакеттерди, био-чирип кетүүчү полимер материалдардан жасалган, кармагычтары жок жана турумуш-тиричиликте колдонуу үчүн сатылуучу пакеттерди кошпогондо) өндүрүүгө тыюу салынат.
Кабыл алынган мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгү менен жүгүртүүгө тыюу салынган пластик буюмдардын тизмеги аныкталган:
- бир жолу колдонулуучу пластик идиштердин бардык түрлөрү;
- тамак-аш үчүн бир жолу колдонулуучу пластик идиш;
- ПЭТ (полиэтилентерефталат, РЕТ) пластик бөтөлкөсү;
- жумуртка үчүн пластиктен жасалган бир жолу колдонулуучу идиш;
- кофе үчүн пластик капсулалар;
- азык-түлүк үчүн сумка тор баштыктар.
Кабыл алынган мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

