super.kg logo

"Дүйнөлүк көчмөндөр модасы" фестивалынын мааракелик сезону ачылды

 
Бишкекте "Дүйнөлүк көчмөндөр модасы фестивалынын" мааракелик сезону ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, кечээ 10-август күнү А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын алдында “Дүйнөлүк көчмөндөр модасы” фестивалынын мааракелик сезонунун ачылышы өттү.
Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, мода индустриясынын көрүнүктүү өкүлдөрү, чет өлкөдөн келген дизайнерлер жана шаар тургундары катышкан.
"Алгач фестиваль ата мекендик жана чет өлкөдөн келген дизайнерлердин колунан жаралган кийимдерди көрсөтүү менен башталып, андан соң расмий өкүлдөргө сөз берилди.
Сөз алган мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жана министр Алтынбек Максутов аталган иш-чаранын маанилүүлүгүнө токтолуп, кыргыздын улуттук саркеч кийимдерин башка өлкөлөргө таанытууда жасалган аракеттер, келечекте бул багытта жасала турган иш аракеттер тууралуу айтып, бешинчи жолу өтүп жаткан фестивалдын негиздөөчүсү Назира Бегимдин ишине ийгиктерди каалашты", - деп жазылат анда.
Иш-чаранын жүрүшүндө министр Алтынбек Максутов аталган фестивалды кийинки жылдарда өтүшүн колдоого ала турганын маалымдаган.
Фестиваль заманбап кийимдердин дефилеси менен уланып, концерттик программа тартууланды. Иш чараны кичи форматтагы жарманке коштогону айтылат.
"Программага ылайык, иш-чара 12-август күнү жыйынтыкталат.
11-август
- 12:00 дизайнерлер арасында сынак
Тема: "Ч. Айтматовдун ааламы";
- 18:30 Ата мекендик жана чет элдик дизайнерлердин кийимдер көргөзмөсү;
12-август
- 19:00 Салтанаттуу жабылышы жана сыйлык тапшыруу аземи өтөт", - деп жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: