КМШ оюндары: Боксчу Зафарбек Камилов финалга чыкты
Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Зафарбек Камилов Беларуста өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарынын финалына чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.
Белгиленгендей, Камилов 48 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, 1/4 финалдык беттеште Азербайжандын мушкерин жеңген. Ал эми жарым финалдык беттеште Беларус спортчусун утуп, финалга жолдомо алды.
12-августта өтчү финалдык беттеште Кыргызстандын спортчусу Тажикстандын мушкери менен күч сынашмакчы.
Беларустун Орша шаарында 6-августта башталган мелдештер 12-августта жыйынтыкталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.