Түптөгү селдин кесепети жоюлуп, куткаруучулар кызмат орундарына кайтышты





Түп районунун Каркыра айыл аймагына караштуу Талды-Суу, Корумду, Көөчү айылдарындагы селдин кесепетин тазалашкан куткаруучулар туруктуу кызмат орундарына кайтышты. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, учурда Балыкчынын 22, Ак-Суунун 15, Жети-Өгүздүн 10 куткаруучусу сел жүргөн айылдарда тазалоо иштерин аякташты. Аларга облус башчысы Илияз Иманбетов жана жергиликтүү айылдардын тургундары терең ыраазычылык билдирип узатышканы айтылат.
"Каракол, Түп ӨКБларынын куткаруучулары аталган айылдарда иштешет. Куткаруучулар ички чарбалык 4430 метр жолду, 82 үй, 1 мектеп, 1 бала бакчанын короо жайларын, жер төлөлөрдү тазалашты.
Жеринде атайын инженердик техникалар тазалоо иштерин жүргүзүшөт", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, 7-августта аталган сел жүргөн аймактарда жүзгө жакын турак үйдүн короосу зыянга учураган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:05
2025-07-05

9:20
2025-07-05
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.