super.kg logo

Өзбекстанда Индиянын сиропун ичкен 65 бала каза болду

 

Өзбекстанда индиялык Doc-1 Max сиропун ичүүнүн натыйжасында 65 бала каза болгон. Бул тууралуу кечээ, 10-августта Өзбекстандын Жогорку сотунун басма сөз катчысы Азиз Абидов социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, индиялык сироп ичкен балдардын өлүмү боюнча сот бүгүн, 11-августта болот.

Эске салсак, 2022-жылдын сентябрь-декабрь айларында Өзбекстанда 19 өлүм катталып, ага Индиянын Marion Biotech фармацевтикалык компаниясы чыгарган Doc-1 Max препаратын колдонуу себеп болгон. Жабыркагандардын баары алты жашка чыга элек балдар экени аныкталган. 7-январда жогорудагы сиропту ичкен дагы бир бала каза болгону белгилүү болгон. Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө таратылган сироптун партиясынан этиленгликоль табылган.

Мамлекеттик күзөт кызматы Doc-1 Max жана Ambronol препараттарына лабораториялык изилдөө жүргүзүүдө ченемдик документтердин талаптары одоно бузулуп, натыйжада сапатсыз дары-дармектерди сатууга жол берилгенин аныктаган.

Балдардын өлүмү фактысы боюнча кылмыш иштери козголуп, аталган дарыны Өзбекстанга каттоого, аны алып келүүгө жана сатууга тиешеси бар бир нече адам кармалган. Өзбекстандын Фармацевтика тармагын өнүктүрүү агенттигинин директору Сардор Кариев камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: