Электрондук балык уулоо билеттери сатыла баштады
Өлкөдө электрондук балык уулоо билеттери сатыла баштады. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Түндүк" ишканасы, Мегаком уюлдук оператору Балык чарба департаменти менен биргеликте электрондук балык уулоо билетинин системасы иштелип чыкты.
Анын максаты - уруксат берүүнүн аткарылышы жана алынган каражаттардын пайдаланылышы боюнча маалымат берүүнүн ачык жана жеткиликтүү механизмдерин иштеп чыгуу экени айтылат.
Өлкөдө ышкыбоздук спорттук балык уулоо Нарын, Талас, Кара-Дарыя, Чүй дарыяларында жана алардын куймаларында, ошондой эле башка дарыяларда, жалпысынан 30дан ашык жайга уруксат берилген.
"Балыктын 15 түрү ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо объектилери болуп саналат, анын ичинен 2 түрү балыктын чектелген баалуу түрлөрүнөн (Амударья форели жана дарыя османы).
Ушул жылы өлкөдө ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо кызматтары 7 аймактык коомдук уюмдар тарабынан көрсөтүлөт. Алардын бир бөлүгү мергенчилер жана балыкчылар коомдорунун союзунун курамына кирет. Ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо менен алектенген балыкчылардын жалпы саны 100 миңден ашык адамды түзөт", - деп жазылат маалыматта.
Ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону өнүктүрүү коомдук уюмдардын, жергиликтүү бийлик органдарынын, эс алуу жана туризм мекемелеринин жана башка кызыккан тараптардын иштин бул түрүн пландаштырууга жана көзөмөлдөөгө толук кандуу катышуусу талап кылынары айтылат.

