super.kg logo

Бишкекте Жазаларды аткаруу кызматынын 20 жылдык мааракеси белгиленди (сүрөт)

 

Бүгүн, 11-августта Бишкектеги Токтоболот Абдымомунов атындагы драма театрында жазык-аткаруу тутумунун өз алдынча кызмат катары түзүлүшүнүн 20 жылдыгы белгиленди.

Иш-чарага ЖАКтын төрагасы Аскат Эгембердиев, мамлекеттик катчы Сүйүмбек Касмамбетов, юстиция министри Аяз Баетов жана мекеменин кызматкерлери катышты.

Эгембердиев өз сөзүндө Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлеринин иши өтө татаал жана көп кырдуу экенин белгиледи.

"Күнүмдүк тобокелчиликке өмүрүн салып, тагдырын таразага коюп, мыйзамды бузбай өзгөчө кыраакылык, тактык менен иш алып барып жаткан жаза аткаруу кызматкерлери менен сыймыктанам. Өз өмүрүн ушу тутумга арнап, далай кыйынчылыктарды башынан өткөрүп, жумуштун ысык-суугун көргөн биздин ардагерлерге ыраазычылык билдирем. Кызмат учурунда биздин кызматкерлердин каны төгүлүп, өмүрлөрү кыйылган апааттуу күндөр дагы болду. Алардын жаркын элестерине таазим этем. Мындан кийин да кызматкерлер талыкпас эмгеги менен алдыда турган милдеттерди аткарып, көздөгөн максаттарды иш жүзүнө ашырат деп ишенем", - деди Аскат Эгембердиев.

Мамлекеттик катчы да кызматкерлерди куттуктап, алардын эмгеги нар көтөргүс экендигин белгиледи. Ошондой эле ал президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен айрым кызматкерлерге, Көлбай Чолушев, Талантбек Мудунов, Улан Бердикожоев ("Эрдик" медалы), Алмазбек Акматов, Бузурман Иманбеков жана Алибай Нишанбаевге сыйлык тапшырды.

Ал эми министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун атынан ардак грамоталарды юстиция министри Аяз Баетов тапшырды. Ошондой эле Юстиция министрлиги тарабынан медаль, ардак грамоталар менен кызматкерлер сыйланды.

Иш-чара концерттик программа менен коштолду.

Белгилей кетсек, Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы мамлекеттик укук коргоо органы болуп саналат. Мекеме соттун чечими менен соттолгондорду, кылмыш жасоого шектүү же айыпталуучу адамдарды жана камакта жаткан соттолуучуларды кармоо, алдарды кайтаруу жана конвой менен алып жүрүү боюнча функцияларды жүзөгө ашырат.

Мекеменин маалыматына караганда, ушул тапта ЖАКта 4 миңге жакын кызматкер иштейт. Өлкө боюнча түзөтүү абактарын, тергөө абактарын жана жатак-абактарды кошкондо Жазык-аткаруу тутумунун карамагына 26 мекеме кирет. Ошондой эле ЖАКтын курамына кайтаруу жана айдап узатуу департаменти киргизилген. Мекеменин өзүнүн окуу борбору, госпиталь жана бейтапканасы, соттолгондор үчүн №31 мекемесиндеги адистештирилген ооруканасы, "Омега" атайын багыттагы отряды, кинологиялык кызматы жана эки мамлекеттик ишканасы бар.






видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: