Чүй районуна жаңы аким дайындалды
Алмаз Аттокуров Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, тиешелүү тескемеге өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгон.
Буга чейин Аттокуров министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болгон.
Чүй районунун акими кызматын буга чейин Жыргалбек Шакиев аркалап келген. Ал Бишкектин Ленин районуна аким болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:30
2025-07-07

19:43
2025-07-07

18:53
2025-07-07

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.