super.kg logo

"СССР таркагандан бери биринчи ирет". Орусия Айга космостук аппаратын учурду (видео)

 

Бүгүн, 11-августта Орусия СССР таркагандан бери биринчи ирет Айга "Луна-25" космостук аппаратын учурду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты.

Космостук аппарат Амур облусундагы "Восточный" космодромунан учурулган.

Маалым болгондой, бул Орусиянын эгемендүүлүк тарыхындагы Айга учурулган биринчи космостук аппараты. Аппараттын Жердин спутнигине конуусу 21-августка белгиленген. Анда "Луна-25" Айдын түштүк уюлуна жакын жерге конот. Аппарат бир жыл бою Айдын топурагында муздун бар же жок экенин текшерип чыгуусу керек.

Белгилей кетсек, "Луна-24" космостук аппараты СССР тарабынан 1976-жылы учурулган жана аппарат Жерге 170 грамм Айдын топурагын алып келген.

Бир ай мурун Индия да өзүнүн "Чандраян-3" аппаратын Айдын түштүк уюлуна жөнөткөн. Эгер "Чандраян-3" Айга ийгиликтүү коно алса, Индия АКШ, СССР жана Кытайдан кийинки Айды изилдеген төртүнчү өлкө болушу мүмкүн.






видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: