Ысык-Көлдө “Борбор Азия жаштар форуму” расмий ачылды











Ысык-Көлдө “Борбор Азия жаштар форуму” расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-августта кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Борбор Азия жаштар форуму” Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Рух-Ордо” маданий борборунда расмий ачылды.
Анда манастан үзүндү айтылып, андан соң форумдун катышуучуларына Чыңгыз Айтматов тууралуу видео тасма тартууланган.
"Ачылышка маданият, маалымат, спорт жана жаштар министри Алтынбек Максутов катышып, боордош элден келген жаш лидерлерди, катышуучуларды Ысык-Көлдө өтүп жаткан форумдан көрүп жатканына кубанычта экенин билдирип, алдыда келе жаткан 12-август "Эл аралык жаштар күнү" менен жылуу куттуктады.
Ачылыш аземде мамлекеттик жана коомдук ишмер, Улуттук академиянын академиги Османакун Ибраимов сөз сүйлөп, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун адамдык жана чыгармачылык бейнесине кеңири токтолуп, “анын өзгөчөлүгү - ал өзүн бир гана кыргыздын уулу эмес, казак, өзбек, татар, азербайжан тагыраак айтканда түрк элинин уулумун деп эсептечү. Мисалы, ал өзүнүн “Кылым карытар бир күн” романын казак элине арнаган. Ал постсоветтик Борбор Азиядагы чек араларга каршы болчу. Ал түрк элдерди бир эл деп саначу”, - деди.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов Чыңгыз Айтматов чынында чек ара деген терминге сыйбаган чексиз жазуучу экенин белгилеп, биздин боордош өлкөлөрдө жаштар арасында чек ара болбошу керектигин, бул форум Борбор Азия өлкөлөрдүн ортосундагы ынтымакка, биримдикке салым кошоруна ишенерин билдирди.
Ошондой эле ачылыш аземде Казакстан өлкөсүнүн маалымат жана коомдук өнүгүү министрлигинин өкүлү Алмагуль Кутанова, Өзбекстан өлкөсүнүн Олий Мажлисинин Мыйзам палатасынын алдындагы Парламенттик изилдоо институтунун өкүлү, жаштар парламентинин төрайымы Шахноза Жолдасова сөз сүйлөп, өз өлкөлөрүнүн жаштар саясаты, жаштарды колдоо жаатындагы ишке ашкан жана иштеп жаткан ири программа, долбоорлор жөнүндө баяндама жасашты", - деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары Борбор Азия жаштарынын башын бириктирген бул форумдун максаты жаштардын жана жалпы эле коомдун өнүгүүсүнө шарт түзгөн жаратман идея, тажрыйба жана билим алмашуу аянтчасын түзүү болуп саналары айтылат.
Форумдун панелдик сессияларына Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген жаш делегаттар, көрүнүктүү жаш лидерлер, активисттер, мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышкан.
Форум 12-августта жыйынтыкталып, жаштардын тажрыйба алмашуусуна, достук мамиле түзүүсүнө арналган ири жана туруктуу аянтча болуп калары маалымдалат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:06
2025-07-09

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.