super.kg logo

Бишкекте троллейбустун айдоочулары иш таштады. Себеби

 

Бүгүн, 11-августта Бишкекте троллейбустун айдоочулары иш таштады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына №10 троллейбустун айдоочусу Нургазы Жумадилов билдирди.

Ал белгилегендей, иш таштагандардын саны 250дөн ашат.

Белгилүү болгондой, борбор калаада 20-августтан тартып коомдук муниципалдык транспортто жол кирени накталай төлөө токтотулат. Жол кире "Тулпар" карталары, VISA жана ЭЛКАРТ, виртуалдуу NFC карталары жана "Тулпар", Balance тиркемесинде QR сканерлөө аркылуу төлөнөт. Мэриянын бул чечими троллейбустун айдоочуларынын массалык түрдө иш таштоосуна алып келди. Алардын бирден бир талабы айлык акыны көтөрүү.

Буга чейин айдоочулардын айлыгы 50 миңге чейин көтөрүлүп, колго 41 миң сом тие турганы боюнча маалымат айтылган. Бирок айдоочулар ага макул эмес.

"Электрондук билет системасына өтүүбүзгө биз деле каршы эмеспиз Аны менен иштөө биз үчүн да ыңгайлуу болмок. Бирок биздин кирешебиз мурдагыдай болбой калат. Ошондуктан айлыкты көтөрүү талабын көтөрүп жатабыз. Мурда 18 мин айлык алчу элек. Жакында эле бир аз көтөрүлүп 25 миң сомго чейин алып калганбыз. Бул өтө эле аз сумма. Азыр айдоочулар айлык акыны 60-70 миң сомго чейин көтөрүп берүү талабын коюп жатабыз. Айлык маяна 50 миң сомго көтөрүлөт деп жатышат. Бирок биз ага да макул эмеспиз. Анткени, колубузга 40 миңдин тегерегиндеги эле акча тиет экен. Биз айдаган коомдук транспорт камсыздандырылбаганы үчүн кырсыкка учураганда чыгымды айдоочулар өзүбүз төлөйбүз Андыктан бул нерселерди да эске алыш керек деп ойлойм", -деди Жумадилов.

Айдоочулар жол кирени чогултуунун күнүмдүк планын аткарып, аны "Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасынын кассасына тапшырышат. Андан ашканын өздөрүнө алып калышчу. Алардын айтымында, бул аз айлыкка кичине да болсо кошумча болчу.

Эске салсак, айдоочулардын иш таштоосу кечээ 10-августта башталган. Анда 100 айдоочу иштен кетүү арызын жазганы кабарланган болчу.






Бишкекте троллейбустун айдоочулары иш таштады.

Бишкекте троллейбустун айдоочулары иш таштады.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.08.2023. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарыле озун ойлогондор 40 мин аз десе аман эле болушсун
11.08.2023. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Онлайн толом болсо бул шумшуктор оздоруно левый иштей албайтта. 40 мин эн Жогорку корсоткуч
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: