КМШ оюндарында тайбокс боюнча эки кыргыз мушкери рингге чыгат

Ага ылайык, Беларусь өлкөсүнүн Брест шаарында өтүп жаткан беттеште 51 килограммга чейинки салмак категориясында Алмагүл Жоробекова Орусиянын мушкери менен беттешет. Ошондой эле 67 килограммга чейинки салмакта Руслан Данияр уулу да орусиялык мушкер менен беттешери айтылат.
"Мелдешке жалпы 6 мамлекеттин (Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Беларусь, Орусия) спортчулары катышууда.
Кыргызстандын атынан 7 спортчу катышып жатат. Мелдеш Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталат", - деп жазылат анда.
Тайбокс боюнча мелдештер 9-август күнү башталган, 13-августка чейин уланары кабарланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.