super.kg logo

"Барселона" футболдук академиясы Кыргызстандын эки аймагында ачылат

 
"Барселона" футболдук академиясы Кыргызстанда эки академиясын, кафесин жана "Барса" магазинин ачат. Бул тууралуу "Барселона" академиясынын расмий сайтында жарыяланды.
Маалыматта "Барселона" өзүнүн эл аралык брендин жайылтып, жаңы аудиторияга жетүү үчүн Борбордук Азияда академиясын ачкысы келе турганы белгиленет. Ошол себептен JALGROUP ASIA компаниясы менен Кыргызстандагы The Barca Experience аттуу долбоорду иштеп чыгуу үчүн кызматташуу келишимине кол койгон.
"Барселона" Жалал-Абад жана Бишкек шаарларында ачыла турган академия аркылуу кыргыз жаштарынын арасында "Барсанын" спорту жана стилин даңазалоону максат кылат жана долбоордун социалдык тармагын жогорулатуу максатында "Барса" дүкөнү менен кафеси ачылат", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, "Барселона" клубунун ардагер футболчулары 30-августта Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн ардагерлер спортчулары менен оюн өткөрөт. Буга чейин каталондук клуб жогорудагы JALGROUP ASIA компаниясы менен кызматташуу келишимине кол коюп, "Кыргызстандагы Барса тажрыйбасы" аттуу долбоорду иштеп чыгышканы жана долбоорду колдоо максатында легендарлуу клубдун оюнчулары Кыргызстанга конокко келе турганы айтылган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: