Ишембиге карата аба ырайы
Эртең, 12-августта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Бирок республиканын түштүк аймагында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Абанын температурасы:
Чүй аймагында түнкүсүн 15…20, күндүз 24…29;
Талас облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;
Баткен, Ош, Жалал-Абад өрөөндөрүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34;
Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;
Нарында түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26 градус болот.
Бишкек шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 26…28 градус ысык болот.
Ал эми батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.