super.kg logo

АКШда 10 жаштагы кыз турмушка чыгып, 12 күндөн кийин каза болду

 

АКШда 10 жаштагы кыз эң жакын досуна турмушка чыгып, үйлөнүү тоюнан 12 күндөн кийин лейкоз оорусунан каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 10 жаштагы Эмма Эдвардс узак убакыт бою оору менен күрөшкөн. Ал Даниел аттуу бала менен дос болгон, алар чоңойгондо үйлөнүп, үч балалуу болууну кыялданышкан. Бирок тилекке каршы, июнь айынын аягында дарыгерлер кызды сактап кала албай тургандыгын айтышкан.

Аны уккан балдардын ата-энелери кыздын кыялын орундатууну чечишкен. Алар кыз менен баланын үлпөт тоюн өткөрүшкөн. Той кыздын чоң энесинин үйүндө болуп, тойго 100дөй адам катышкан.

Кыз тойго катышаарда абдан алсыз болгон жана тойго майыптар коляскасында отуруп катышкан. Тилекке каршы үлпөт тойдон 12 күн өткөндөн кийин Эмма бул дүйнө менен кош айтышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: