super.kg logo

УКМК: "Кыргыз-өзбек чек арасында жүк ташуучу унаалардын топтолушу Өзбекстандын "Е-транзит" пилоттук долбоору менен байланыштуу"

 

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан “Достук-автожол” өткөрүү жайы штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Өзбек тараптын маалыматы боюнча Өзбекстандын бажы кызматы “Дустлик-автожол” (ӨР) КӨЖда пилоттук режимде иштеп жаткан “Е-Транзит” программалык камсыздоосун орноткондугун билдирет.

Бул тиркеме өзбек тараптын КӨЖнан транспорт каражаттарынын тезирээк өтүшүн камсыздоо максатында чет элдик жарандар үчүн иштелип чыккан.

Буга байланыштуу “Достук-автожол” КӨЖда (КР) Кыргызстандан Өзбекстанга чыкканга транспорт каражаттарынын топтолуусу катталууда.

Жүк ташуучу транспорт каражаттарынын айдоочулары арасында өзбек тарап жаңы программалык камсыздоону киргизгендиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Кыргыз Республикасынын чек ара өкүлдөрү Өзбекстандын чек ара өкүлдөрү менен туруктуу байланыш кармап турушат.

УКМКнын Чек ара кызматы айдоочуларды жана жүк ташуучуларды түзүлгөн жагдайга түшүнүү менен мамиле кылууга үндөйт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: