super.kg logo
  Саясат  

Эсептөө палатасы 2012-жылы Башкы прокуратурага 23 талап аткарбоо фактысын берген

 
Эсептөө палатасы 2012-жылы берген талап аткарбоо фактысынын ичинен Башкы прокуратура 16 иш боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда “Республика” фракциясынын жыйынында башкы прокурордун орун басары Темирбек Бекмамат уулу билдирди. 
Фракция Эсептөө палатасынын 2012-жыл боюнча берген отчётун талкуулап жатат. 
Анын айтымында, өткөн жылы аталган мекеме Башкы прокуратурага 1,2 миллиард сомдук укук бузуу катталганы боюнча 23 талап аткарбоо фактысын берген. 
“Бирок 16 кылмыш иши козголду. Каржылык укук бузуулар көпчүлүк учурда кылмыштуулукка жатпайт. Ошондуктан биз кылмыш ишин козгогон жокпуз. Анткен менен чогултулган материалдар башка мекемелерге өткөрүлүп берилет”,- деди ал.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: