Бишкекте эки аткаминер 4000 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды




Опузалап пара талап кылуу менен жерге-суу көзөмөл кызматынын Чүй-Бишкек региондор аралык башкармалыгынын жетекчилик курамындагы кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 10-август күнү ИИМдин Тергөө кызматына О.С. аттуу жаран Айыл чарба министрлигине караштуу жер жана суу көзөмөлү боюнча кызматынын жетекчилигине, ошондой эле жерге-суу көзөмөл кызматынын Чүй-Бишкек региондор аралык башкармалыгынын башчысы М.Ш. аттуу жарандар көп өлчөмдөгү айып салам деп коркутуп-үркүтүү жолу жана опузалоо менен, маселени оң жагына чечүү үчүн акча талап кылып жатканын айтып, чара көрүп берүүнү суранган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.
2023-жылдын 11-августунда ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Раззаков-Киев көчөлөрүнүн кесилишинен 4000 доллар өлчөмүндө акча каражаты алынып жаткан жеринен, Чүй-Бишкек региондор аралык жер суу-көзөмөл кызматынын башкармалыгынын башчысы Д.Р, ошол эле министрликтин жер суукөзөмөл кызматынын Чүй-Бишкек региондор аралык башкармалыгынын бөлүм башчысы М.Ш. кармалышкан.
Учурда тергөө уланууда жана бул кылмышка тиешеси бар башка адамдар боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.