super.kg logo

Кытай G7'деги үч өлкөнү “Бир алкак, бир жол” саммитине чакырбай койду

 

Коңшу Кытай айрым Батыш өлкөлөрүнүн башчыларын “Бир алкак, бир жол” форумуна чакырган жок. Бул тууралуу кечээ, 12-августта Global Times гезити жазды.

Гезит окуядан кабардар болгон аты аталбаган булактарга шилтеме кылып жазды. Алардын айтымында, форумга чакыруулардын басымдуу бөлүгү өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн лидерлерине жөнөтүлгөн, ал эми айрым өнүккөн өлкөлөрдүн башчылары тизмеге кирген эмес.

Форумга Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Германиянын канцлери Олаф Шольц жана Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони чакырылган эмес.

Кытайдын “Бир алкак жана жол” демилгеси Азияны Африка жана Европа менен кургактык жана деңиз жолдору аркылуу байланыштыруучу программа. Ал Борбордук Азиянын, Европанын жана Африканын 60тан ашык өлкөсүн бириктирет.

Программа дүйнө жүзү боюнча инфраструктуралык долбоорлорду 900 миллиард долларга каржылаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: