super.kg logo
  Спорт  

Чолпон-Атада көк бөрү боюнча клубдар аралык Дүйнө чемпиондугу башталды

 

Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча дүйнө чемпиондугу старт алды. Бүгүн, 13-августта мелдештин алгачкы оюндары өтүүдө.

Алгачкы беттеш Клубдар лигасынын тайпалык баскычында "Алтай" жана "Екатеринбург" командалары арасында өтүп, "Алтай" клубу атаандаштарын 5:0 эсебинде жеңип алды.

Мындан тышкары бүгүн аталган лигада "Жаштык" жана "Алтын-Альянс" командалары беттешет. Ошондой эле Достук кубогу үчүн "Ынтымак" жана "Сары-Өзөн" командалары тайпалык баскычтагы алгачкы оюнда кез келет.

Дүйнө биринчилигинин расмий ачылышы саат 13:00гө белгиленген.

Белгилей кетсек, көк бөрү боюнча клубдар аралык Дүйнө чемпиондугу 13-августтан 20-августка чейин Чолпон-Ата шаарында өтөт. Ага Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Өзбекстан, АКШ жана Ооганстандан келген клубдар катышат. Турнир Достук кубогу, Клубдар аралык дүйнө чемпиондугу жана Ардагерлер кубогу болуп үч форматта өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: