super.kg logo

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Эл аралык Көк бөрү ассоциациясынын президенти болуп шайланды

 

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Эл аралык “Көк Бөрү” Ассоциациясынын төрагасы болуп шайланды. Мындай чечим бүгүн Чолпон-Ата шаарында өткөн эл аралык "Көк бөрү" Ассоциациясын конгрессинде кабыл алынды.

Конгресске 9 мамлекеттен 14 улуттук федерациянын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Жыйында Эл аралык “Көк Бөрү” федерациясы Эл аралык Ассоциация болуп түзүлдү. Ассиоциянын президенти болуп Курманкул Зулушев, вице-президенттери болуп Казакстандын “Жаппай Көк пар” федерациясынын президенти Дирманов Гани, Өзбекстандын “Улок купкари” федерациясынын төрагасы Адхамов Равшанбек жана Орусиянын Алтай Республикасынын “Көк Бөрү” (Синий Волк) ат оюндар федерациясынын президенти Тузачинов Эркин шайланды.

Ал эми көк бөрү оюндарынын өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн эл аралык “Көк Бөрү” федерациясынын мурдагы вице-президенттери Аскар Салымбеков менен Набижон Жураевге (Өзбекстан) Эл аралык “Көк Бөрү” Ассиоциациясынын “Ардактуу президенти” наамы ыйгарылды.

Курманкул Зулушев өз сөзүндө көк бөрү боюнча клубдар аралык Дүйнө чемпиондугу Кыргызстанда өтүп жатканы чоң сыймык экенин белгиледи.

Айкөл Манас баянында айтылгандай Манас атабыз менен Эр Көкчө тарткан көк бөрү оюнунун эл аралык клубтар чемпионаты бүгүн кыргыз жергесинде өтүп жатканы баарыбыз үчүн зор сыймык. Залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматов айткандай ушундай эрендердин эр оюнун мурас калтырган ата-бабаларыбызга кулдугум бар”, - деп баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: