super.kg logo
  Спорт  

Чолпон-Атада көк бөрү боюнча клубдар аралык дүйнө чемпиондугунун расмий ачылышы болуп өттү (фото)

 

Бүгүн, 13-августта Чолпон-Атада Көк бөрү боюнча клубдар аралык дүйнө чемпиондугунун расмий ачылышы болуп өттү. Салтанатка президент Садыр Жапаров, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Көк бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиев катышты.

Президент Садыр Жапаров ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө бардык көк бөрү сүйүүчүлөрүн мындай спорттук майрам менен куттуктап, дүйнө чемпиондугу мамлекеттер арасындагы ынтымакты бекемдеп, улуттук спортту өнүктүрүүдө чоң көмөкчү болорун белгиледи.

"Көк бөрү спорту жүрөгүндө жалыны бар жаштарды, учуру келгенде чукул чечим кабыл алууга, чыдамкайлыкка, эрктүүлүккө, атуулдукка тарбиялайт. Учурдан пайдаланып ушундай мааниси терең оюнду андан ары өнүктүрүүгө, кеңири жайылтууга салым кошуп жаткан улакчыларга, алардын машыктыруучуларына, кара кылды как жарган калыстарга, улуттук спорттун бардык кызматкерлерине жана күйөрмандарга ыраазычылык билдирем", - деди ал.

Дүйнө биринчилигинин ачылыш аземинде мелдешке катышып жаткан кыргызстандык жана чет жактан келген командалардын салтанаттуу парады орун алды.

Ошондой эле салтанат жаа атуу, найза сайышуу, ат үстүндө өнөр көрсөтүү сыяктуу өзгөчө номерлер менен толукталып, кыргыз эстрада ырчыларынын чакан концерттик программасы менен коштолду.

Белгилей кетсек, Көк бөрү боюнча клубдар аралык дүйнө чемпиондугу 13-20-август күндөрү Чолпон-Атада өтүүдө. Ага 6 мамлекеттен келген 22 команда катышууда. Мелдештин байге фонду 11 миллион сом. Турнир көк бөрү спортун эл аралык деңгээлде өнүктүрүү жана мамлекеттер аралык ынтымакты бекемдөө максатында өткөрүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: