super.kg logo
  Спорт  

Өзбекстандык машыктыруучу көк бөрүнүн Өзбекстандагы ордун айтты

 

Көк бөрү боюнча клубдар аралык дүйнө чемпиондугуна катышып жаткан өзбекстандык команданын машыктыруучусу Бахром Алтаев көк бөрү спорту Өзбекстан өлкөсүндө өнүгүп келе жатканын билдирди.

"Бизде аламан улак абдан өнүккөн. Бирок улактын бул түрү да акырындап өнүгүп келе жатат. Урматтуу президентибиздин (ред: Шавкат Мирзийоев) жарлыгы менен өлкөдө заманбап стадиондор курулуп жатат. Ат оюндары боюнча көптөгөн мектептер ачылып жатат. Буйруса жакында биздин командабыз аябай күчтөнөт деп ишенем. Азыр андай эмес дебейм. Азыр да күчтүү командабыз бар", - деди көк бөрү боюнча өзбекстандык команданын машыктыруучусу Бахром Алтаев.

Ошондой эле Өзбекстан командасы бул мелдешке жакшы даярдык менен келгенин белгиледи.

"Биздин команда буга чейин 2021-жылдагы Президенттин Кубогуна катышып 2-орунду багындырганбыз. Командабыз 6 оюнчудан турат. Буга чейин алар Түркияда өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча да, көкпар боюнча да 3-орунду ээлешкен. Биздин балдар аябай мыкты даярдык менен келишти", - деди ал.

Белгилей кетсек, Көк бөрү боюнча клубдар аралык дүйнө чемпиондугу 13-20-август күндөрү Чолпон-Атада өтөт. Ага Өзбекстан баштаган дүйнөнүн 6 мамлекетинен жалпы 22 команда катышууда. Өзбекстан Клубдар лигасындагы алгачкы беттешин эртең, 14-августта Ооганстанга каршы өткөрөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: