super.kg logo

11 жаштагы Абдурахим сөөк чучугунун клеткаларын алмаштыруу үчүн операцияга муктаж 

 

Ош облусунун Араван районунун тургуну 11 жаштагы Абдурахим Осоров сөөк чучугунун клеткаларын (костный мозг) алмаштыруу үчүн операцияга муктаж. Бул тууралуу SUPER.KG порталына эжеси Жылдыз Адишева билдирди.

Анын айтымында, Абдурахим бул илдет менен 6 айдан бери күрөшүп келет. Баланын операциясын чет өлкөдө гана жасоого болот.

"Алгач баланын ангинасын дарылап баштаганбыз. Ушул жылдын январь айында 10 күндөй ооруканага жаткан. Кийин март айында Абдурахимдин ден соолугу начарлап, кан аралаш заара ушатып калган. Жыйынтыгы онкология илдетине кабылган болуп чыкты. Түркия өлкөсүнөн сөөк чучугунун клеткаларын алмаштыруу керек.

Операциянын баасы 110 миң долларды түзөт. Ага акча каражаты жетишсиз болгондуктан кайрымдуу жарандардан жардам сурайбыз", - дейт Жылдыз Адишева.

Ошондой эле учурда Абдурахим химиялык терапия алып, ден соолугунун абалы оор экенин билдирди.

Баланын өмүрүнө кайдыгер карабаган жарандар төмөнкү эсеп номурлары аркылуу жардам бере алат.

Элкарт: 9417 7487 3507 1146

Виза: 4169 5853 5065 6319

Сбербанк: 2202 2062 2825 1828

Мбанк: 4177 4901 6972 7767; 0507 947 850

О! деньги: 0508303863






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: