БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына 11 талапкерди каттады (тизме)
Бүгүн, 14-августка карата Борбордук шайлоо комиссиясы Ленин округундагы кайра шайлоого катышууга арыз берген 11 талапкерди каттады. Бул тууралуу БШКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун корутундусунун негизинде тѳмѳндѳгү талапкерлер катталды:
1) Аскар Алмаз уулу;
2) Токтогул Какчекеев;
3) Эртай Искаков;
4) Турсунбай Бакир уулу;
5) Сулайман Мамаев;
6) Ырсалиев Жамалбек;
7) Ыргал Кадыралиева;
8) Нүргүл Сооронбаева;
9) Русланбек Тагаев;
10) Бакыт Шаршембиев;
11) Мурат Эсенаманов;
Белгилей кетсек, депутаттыкка талапкерлерди каттоо 20-августта аяктайт. Ал эми Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:05
2025-07-05

9:20
2025-07-05
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.