super.kg logo

Ысык-Көлдө кафенин ашпозчусун сабаганга шектүүлөр кармалды

 

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери кафенин ашпозчусун сабаган шектүүлөрдү изин суутпай кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, Ысык-Көл РИИБне Бишкек шаарынын 36 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда 12-августтан 13-августка караган түнү болжол менен түнкү саат 03:30 чамасында белгисиз үч жаран бычак менен коркутуп, Чок-Тал айылындагы "Солнышко" пансионатынын аймагында жайгашкан "Медуза" кафесинин ашпозчусун сабаганын билдирген. Жабыркаган Чүй облусунун 20 жаштагы тургуну денесинен алган жаракаты менен райондук аймактык ооруканага жаткырылды.

Ага ылайык, арыз райондук милициянын кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Ээнбаштык) менен кылмыш иши козголду.

"Чоӊ-Сары-Ой айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүүлөр тез аранын ичинде кармалды. Алар райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Кармалгандар Чок-Тал айылынын 21 жаштагы А.Н., 24 жаштагы Ш.А. аттуу тургундары жана Нарын облусунун 22 жаштагы тургуну А.А. болуп чыгышты. Сот тарабынан бөгөт коюу чарасы көрүлгөнгө чейин, шектүүлөр Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: