Лейлектин жаңы дайындалган акими эмгек жамаатка тааныштырылды
Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчылыгына дайындалган Канимет Осмонбеков эмгек жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу маалыматты Баткен облусундагы өкүлчүлчүлүктөн билдиришти.
Маалым болгондой, бүгүн, 14-августта президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров жаңы дайындалган жаңы Лейлектин акимин эмгек жамаатка тааныштырды.
Канимет Осмонбеков 2018-жылдын февраль айынан 2023-жылдын август айынын башына чейин президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп кызмат кылган.
Канымет Осмонбеков Бийзакович 1971-жылы 13-апрелде Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айылында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 2 уул, 1 кыздын атасы.
Билими:
- 1993-жылы К.Скрябин атындагы айыл чарба институтун аяктаган;
- 2011-жылы президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясын бүтүргөн.

