super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстандык футзалчылар Беларуста өткөн КМШ оюндарында 2-орунду багындырды

 
Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курама командасы Беларуста өткөн КМШ оюндарында 2-орунду ээлеп, күмүш медалга ээ болушту. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
КМШ оюндарында футзал боюнча мелдештер 7-12-август күндөрү Минск шаарында болуп өткөн. Ага жалпы 5 курама команда катышып, айлампа форматында күч сынашышты. Келкел Анарбеков жетектеген улуттук курама команда 4 оюнда 7 упай топтоп, жалпы жыйынтыкта 2-орунду ээледи.
Кыргыз футзалчылары алгачкы оюнда Орусияга 3-0 эсебинде жеңишти тарттырып жиберишкен. Ал эми экинчи беттеште Азербайжанды 5-2 эсебинде жеңип алышты. Үчүнчү беттеш үй ээлери Беларусь өлкөсүнө каршы өтүп, 1-1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган. Ал эми чечүүчү оюнда Өзбекстан курамасы менен кез келип, 7-2 эсеп айырмачылыгында жеңишти камсыздашты.
Белгилей кетсек, II КМШ оюндары 4-14-август күндөрү Беларусь өлкөсүндө болуп өттү. Ага Кыргызстандан 200гө жакын спортчу катышып, 27 медаль жеңип кайтышты. Кийинки КМШ оюндары 2025-жылы Азербайжанда өтөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: