super.kg logo
  Спорт  

Көк бөрү: "Достук" тайпалык баскычтагы алгачкы беттешинде "Мурасты" жеңип алды

 

Чолпон-Ата шаарында Көк бөрү боюнча клубдар аралык дүйнө чемпиондугу уланууда. Бүгүн, 14-августта Ош облусунун "Достук" командасы Ысык-Көлдүн "Мурас" командасы менен оюн өткөрүп, 7:4 эсебинде жеңишке жетишти.

Беттеште "Достуктун" катарынан Манас Ниязов менен Кубаныч Султан уулу экиден салым салышса, Аскат Аскаров, Кыяз Ниязов, Астаркул Табышев бирден улак ташташты. Ал эми "Мурастын" катарынан Жаныш Конушбаев менен Асылбек Исаев бирден упай иштеп тапса, Байыш Акылбеков эки ирет өзгөчөлөндү.

Белгилей кетсек, Көк бөрү боюнча клубдар аралык дүйнө биринчилигинде Кыргызстандын "Сары-Өзөн", "Ынтымак", Достук" жана "Мурас" клубдары "А" тайпасында күч сынашууда. Ал эми "Б" тайпасына Казакстандын "Астана", "Шымкент", "Түркстан" жана "Жетису" командалары түшкөн. Эки тайпадан суурулуп чыгып, финалдык беттеште жеңишке жеткен команда Достук кубогуна ээ болот.

Кечээ, 13-августта "А" тайпасында алгачкы оюн "Ынтымак" жана "Сары-Өзөн" клубдарынын ортосунда өтүп, Талас облусунун командасы 5:1 эсебинде жеңишти камсыздаган. Бүгүн "Б" тайпасында "Түркстан" менен "Шымкент" командасы кез келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: