super.kg logo

Бишкекте жол чийиндери жаңыртылып жатат

 

Бишкек шаарында "Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасы тарабынан чол чийиндери жаңыртылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, бүгүн жумушчулар Сүйөркулов көчөсүндө Байтик Баатыр жана Малдыбаев көчөлөрүнүн аралыгындагы чийиндерди жаңылап жатат.

Ысык пластик менен түз жана үзүк сызыктар сызылып, Байтик Баатыр жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн өңү жаңыртылып жатканы айтылат.

"Буга чейин бригада төмөнкү даректердин боёкторун жаңыртуу иштерин жүргүздү:
- Ж. Пудовкин-Горький;
- №37 мектептин алды;
- Фрунзе-Ибраимов;
- Фрунзе-Абдрахманов;
- Жибек Жолу-Кулиев;
- Сүйүмбаев көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейин;
- Көлбаев көчөсү Лермонтов көчөсүнөн Калинин көчөсүнө чейин;
- Абай көчөсү Горький көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;
- Малдыбаев көчөсү Масалиев көчөсүнөн университетке чейин.
Ошондой эле бригада капиталдык оңдоодон кийин Ленск көчөсүндө Фучиктен ЧЧКга чейин жол белгилерин толук жаңырткан", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, жакынкы аралыкта жаңы окуу жылынын башталышына байланыштуу билим берүү жайларынын айланасындагы жол чийиндери жана жол белгилери жаңыртылат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: