super.kg logo

Ташиев Ысык-Көлдөгү УКМКнын жаңы имаратын ачты

 

Бүгүн, 14-августта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн имаратынын ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, жаңы имарат кызматкерлер үчүн бардык заманбап талаптарга жооп берген керектүү шарттар менен толук жабдылган.

"Ал эми имаратты УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев салтанаттуу түрдө ачты. Ачылыш аземге ошондой эле президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими Эрмек Бахавадинов, башкармалыктын өздүк курамы, ошондой эле аппараттын кызматкерлери, улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышты.

Ташиев кызматкерлерди куттуктап, УКМКнын кызматкерлери мындан ары да республиканын бардык облустарында жана райондорунда өз милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн шарттар түзүлө берерин белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле УКМК төрагасы актуалдуулугун эске алуу менен, коррупцияны жоюу жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча чараларды ишке ашырууну улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, президент тарабынан коюлган Кыргызстанда коопсуздукту камсыз кылууга жана мыйзамдуулукту бекемдөөгө багытталган милдеттерди жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.08.2023. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир облустун УКМсы ушунча убакыт кантип имаратсыз жашашты экен? Келечегибиз болгон жаш балдар үчүн бала бакча,мектеп салса болмок, эми биздин келечегибиз УКМка болот экен да, бизде ээң көйгөйлүү болгон жумушсуздук,чет өлкөлөрдө жүргөн бир жарым миллион мигрантты ойлоп завод, фабрика ачышса болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: