super.kg logo

Садыр Жапаров казак акынына таза кандуу аргымак белек кылды

 

Президент Садыр Жапаров Көк бөрү боюнча клубдар аралык дүйнө биринчилигинин ачылыш аземинде ырдаган казак акыны Биржан Калдыбаевге таза кандуу аргымак белек кылды. Өлкө башчынын белегин салтанаттын алып баруучусу Асылбек Өзүбеков жарыялады.

"Биржан көк бөрү оюнуна казак элинин атынан дайыма келет. Биз менен көп жылдан бери аралашып жүрөт. Кыргыз элинин жээни. Агайын туугандар! Кыргыз Республикасынын президенти Жапаров Садыр Нуркожоевич Биржан Калдыбаевге таза кандуу аргымак тартуулады", - деди Асылбек Өзүбеков.

Биржан Калдыбаев өз кезегинде президент Садыр Жапаровго белеги үчүн ыраазычылык билдирип, ыр арнады.

Эске салсак, кечээ, 13-августта Чолпон-Атада Көк бөрү боюнча клубдар аралык дүйнө чемпиондугу башталган. Ага дүйнөнүн 6 мамлекетинен келген 22 команда катышууда. Мелдештин башкы максаты көк бөрүнү эл аралык деңгээлде өнүктүрүү жана мамлекеттер арасындагы ынтымакты бекемдөө болуп саналат.






Садыр Жапаров казак акынына аргымак белек кылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: