super.kg logo

Бишкекте шаар аралык таксисттердин пункттарын тартипке келтирүү уланууда

 

Бишкекте Ленин районунун башчысы Жыргалбек Шакиев Батыш автобекетинин аймагын кыдырып чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Ленин районунун акимиатында Кулиев жана Токтогул көчөлөрүнүн, Чүй проспекти жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги ташуучуларды тартипке келтирүү боюнча жыйын болуп өттү.

Ага ылайык, Ленин районунун аймагында шаарлар аралык багыттар боюнча жүргүнчүлөрдү ташууну мыйзамсыз уюштурууга бөгөт коюу, калк үчүн транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана транспорт системасынын туруктуулугун жогорулатуу, ошондой эле борборго келген туристтерге ыңгайлуулук түзүү болуп саналат.

"Жолугушууга Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине караштуу Бишкек шаардык унаа токтотуучу жайларынын жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын ЖККБ өкүлдөрү катышышты.

Чогулуштун жүрүшүндө Батыш автобекетинин аймагына ыңгайлуу шарттарды түзүү менен унаа токтотуу үчүн минималдуу акы төлөнүүчү пункттарды көчүрүү боюнча иш-чаралар планы талкууланды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Батыш автобекетинин аймагында шаар аралык таксисттер үчүн альтернативдүү орундар бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: